"Бүгүнкү күнү элде “июнь айынан тартып пенсия, жөлөкпул бере албай калат экен” деген сөз жүрүп жатат. Ошону өкмөт башчы брифинг өткөрүп, элге ачык айтсын. Мындан тышкары 2000 сом төлөп, тесттен өтүү маселесин да түшүндүрүп койсун. Антпесе, элде нааразычылык күчөп жатат”, - деди Жанар Акаев.

Ал эми депутат Мирлан Жээнчороев милиция жана медицина кызматкерлерине убада кылынган кошумча кенемте акыларын толук төлөп берүүнү да өкмөттөн талап кылды.

Жогорку Кеңеш бүгүн табигый кырсыктардын кесепетин жоюу тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп жатат. 

Булак: Азаттык