Сулайманов бул маселени чечүү үчүн алдыдагы шайлоодо жарандарга партиянын ичинен талапкерди тандоо мүмкүнчүлүгүн түзүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу депутат "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.
“Парламентти элдин колдоосу жок, акчасына таянган, олигархтардын бизнес клубуна айланттык. Менин сунушум эл лидерлер бекиткен тизмеге эмес, өз талапкерлерине добуш берсин. Мындай системада шайлоочу партияны тандап, анын тизмесиндеги талапкерге түз добуш берет”, - деди Сулайманов.

Бирок, депутат өзү сунуштап жаткан системаны мыйзам долбоору кылып алып чыгары тууралуу айткан жок. Анын айтымында, шайлоо системасына кошумча каражат талап кылынбайт.

Буга чейин бир нече депутат преференциалдык шайлоо ыкмасын киргизүүнү сунуштап чыгышкан. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөрү айтылган.

Булак: Азаттык