Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров билдирди.

“Адатта келерки кышка даярдануу максатында ысык сууну май айынын ортосунда өчүрчүбүз. Быйыл чек ара жабык болгондуктан, түтүктөрдү ремонттоого керек болгон тетиктерди убагында ала албай калдык. Бирок 1-июнга чейин керектүү жабдуулардын бардыгын чогултуп алып, өчүрөлү деп жатабыз”, — деди Амантуров.

Бирок тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол коё электигин кошумчалады.

Мэриянын маалыматы боюнча, ысык суу жылуулук системасын оңдоо иштерине байланыштуу жыл сайын бир айга токтотулат. Былтыр ысык суу Бишкекте 6-майдан 6-июнга чейин өчүрүлгөн.

Булак: Элгезит