Ал Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатканын бүгүн, 5-майда эртең мененки онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
«Каза болгон бейтапка пневмония, үчүнчү даражадагы курч мүнөздөгү дем жетишсиздиги жана баш мээсинде шишик диагнозу коюлган. Мындан тышкары бейтап кант диабетинен жабыркап, инсулин алчу», - деди ал.
◾ Кыргызстанда коронавирус инфекциясы диагнозу менен жалпы 11 киши көз жумду.
Булак: Баракелде