Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул учурда карантинге алынгандардан башка адамдар менен байланышпай турганы жөнүндө жазуу түрүндө милдеттенме алынат. Бирок алынган милдеттенмелдерге карабастан, айрымдар обочолонуу режимин бузууда. Алар бул аракети менен башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна гана эмес, COVID-19га каршы күрөшүү боюнча саламаттыкты сактоо органдары тарабынан кабыл алынган чаралардын натыйжалуулугуна коркунуч жаратууда.
«Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренесине ылайык, өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет (жашы жете электер үчүн 5 000 сомдон 15 000 сомго чейин, башка жеке жактар үчүн 20 000 сомдон 30 000 сомго чейин).
Өзгөчө же аскердик абалдын шарттарында көрсөтүлгөн чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет (жашы жете электер үчүн 15 000 сомдон 25 000 сомго чейин, башка жеке жактар үчүн 30 000 сомдон 60 000 сомго чейин).
Жазык кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайлап же байкабастыктан бузуу аркылуу адамдардын массалык жабыр тартуусуна же болбосо башка ири зыян келтирүүгө алып келсе VI категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет (жашы жете электер үчүн 120 000 сомдон 140 000 сомго чейин, башка жеке жактар үчүн 260 000 сомдон 300 000 сомго чейин) же II категорияда эркинен ажыратуу каралат (жашы жете электер үчүн бир жыл алты айдан эки жыл алты айга чейин, башка жеке жактар үчүн эки жыл алты айдан беш жылга чейин). Ушул эле берененин 2-бөлүгүнө ылайык өзгөчө кырдаал, өзгөчө же аскердик абал режими учурунда жасалган санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайлап же байкабастыктан бузуу адамдардын массалык түрдө ооруусуна жана уулануусуна алып келсе II категорияда эркинен ажыратуу каралат (жашы жете электер үчүн бир жыл алты айдан эки жыл алты айга чейин, башка жеке жактар үчүн эки жыл алты айдан беш жылга чейин).
Карантин киргизилгенден баштап 4-майга чейин Жазык кодексинин 280-беренеси боюнча 8 жаран, 281-беренеси боюнча 1 жаран жоопкерчиликке тартылды. Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренесине ылайык 11 адам, 119-беренесине ылайык 2 адам жоопко тартылууда. Алар боюнча материалдар сотко жөнөтүлгөн. Бузуулар жөнүндө кодекстин 293-беренесине ылайык 23 адам жоопкерчиликке тартылган, аларга 3 миң сомдон айып пул салынды. Жыйынтыгында жалпысынан үй карантинин бузгандыгы үчүн 45 адам жоопко тартылды», - деп айтылат маалыматта.
Булак: Баракелде