Бул тууралуу ал 4-майда “Азаттык” радиосуна айтып берип, кайрылуусунда сөз болгон дарыгерлер кайра-кайра суракка чакырылып, убара тартып жатканы маалым болгонун, калыс териштирүү жүрөрүнөн күмөн санап калганын билдирди:
"Бектур Апышев бир нече жолу суракка чакырылыптыр. Бир эле ал эмес, жетекчилери да чакырылган экен. Бүгүн түштөн кийин менин кайрылуум боюнча кайра чакырышат экен. Тергөөчүгө бир дооматым жок. Бирок аябай кайгырып чыктым. Себеби, жөнөтөрүн жөнөтүп алып ортодо медицина кызматкерлерин кысым алдына калтырып коюптурмун. Андай тергөөнү жүргүзбөй эле коё беришсин андан көрө. Баары бир Дастан Бекешевге жооп бергендей “эч нерсе табылган жок” деген жооп келет. Андан көрө аларды деле кыйнабай койсун деп бүгүн ушундай кайрылуу жасадым".
“Кылым шамы” укук коргоо борборунун өкүлү Гүлшайыр Абдирасулова 12-апрелде “Фейсбуктагы” баракчасына мамлекет башчысы Жээнбековго жана Башкы прокуратурага кайрылуу постун жарыялап, коронавирус шартында иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин көйгөй тууралуу айтып, көп өтпөй кайра ошол сөзү үчүн кечирим сураган учурларга укуктук баа берүүнү өтүнгөн. Кечирим суратууга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тиешеси бар болушу ыктымал деген оюн айткан.
Коронавирус кризиси өкүм сүрүп турганда медицина кызматкерлеринин жеке коргонуу каражаттары жетишсиз экени, транспорт менен камсыздалбаганы байма-бай айтылып жатат. Үй-бүлөлүк дарыгер Бектур Апышев «Твиттерде» жетекчилиги берген сапатсыз беткаптын сүрөтүн жарыялаган. Көп өтпөй анын «Твиттер» аккаунту өчүрүлүп, 12-апрелде Бектурдун «жалган айтып койгом» деген видео кайрылуусу тараганы интернетте кызуу талкуу жараткан.
УКМК мындай билдирүүлөрдү “...өзүнө жеңил пиар кылууга аракет" деп атаган.
Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин кайрылуусуна “Алар өз каалоосу менен кечирим сурашкан” деп билдирген.
Саламаттык сактоо министрлиги "Медицина кызматкерин ишиндеги кыйынчылыктарды айтып чыкканы үчүн кечирим суратуу туура эмес" деген көз карашын билдирген.
Булак: Азаттык