Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүнкү онлайн маалымат жыйында билдирди.
Муну менен Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 830 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 11 бейтап айыкты. Ал эми, өлкө боюнча 575 адам сакайып ооруканадан чыгарылган.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 26;
- Баткен облусунда 1;
- Жалал-Абад облусунда 5;
- Чүй облусунда 2;
- Нарын облусунда 1.