Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова бүгүнкү онлайн маалымат жыйынан билдирди.
Муну менен Кыргызстанда коронавирус илдетине кабылгандардын жалпы саны 769 адамга жетти. Бир сутка ичинде коронавирустан 23 адам айыгып чыкты.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 3;
- Ош шаарында 2;
- Баткен облусунда 2;
- Нарын облусунда 1;
- Ош облусунда 1;
- Жалал-Абад облусунда 4.
Мунун ичинен 2 медицина кызматкерлери бар. Ал эми, коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 200гө жетти