Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлеринин вируска каршы челленджи дүйнөдөгү вирустук оорунун алдын алуу маселесине арналган.

Аталган акция «Таза колдор» девизи менен өтүп, бүгүн жыйынтыкталды. Эң алгач, бул иш-чарага ИИМнин өз алдынча жана түзүмдүк бөлүктөрү кошулушкан.

Челленджди Бишкек ШИИББи даярдаган соң, ага Нарын, Ысык-Көл, Баткен, Талас, Жалал-Абад, Ош облустук ички иштер башкармалыктары, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, «Шумкар» атайын багыттагы полку, Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгы, Ички коопсуздук аскер кызматы, Академия, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кошулушкан.

Аталган эстафетаны ИИМдин Борбордук аппараты жыйынтыктады.

Булак: Элгезит