Муну менен республикада коронавирус жуктургандардын саны 756 адамга жеткенин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 аныкталган бейтаптар менен 3139 адам байланышкан. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн. Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 874 адам жатат.

Аймактардагы бейтаптардын саны:

- Жалал-Абад облусунда – 114;

- Ош облусунда – 166;

- Ош шаарында – 111;

- Чүй облусунда – 61;

- Бишкек шаарында – 188;

- Баткен облусунда – 10;

- Нарын облусунда – 96;

- Ысык-Көл облусунда – 10.

Булак: Баракелде