- Өндүрүш мырза, камактагыларды карантинге шылтоолоп адвокаттарына жолуктурбай , ошол эле учурда адвокатысыз сотту өткөрүп жатышканы айтылууда. Бул туурабы?

- “Коркконго кош көрүнөт” болуп жатса керек. Чынында адвокатты катыштырбай процесс өткөрүү мыйзамды бузуу. Ошондой эле адам укугун одоно жана көз көрүнө бузуу болуп эсептелет. Мындай учурда  Омбудсмен менен кыйноолорго каршы улуттук комитет кайда жүрөт?

- Жаза аткаруу кызматынын карантинди шылтоолоп айрым камактагы саясатчыларды үй-бүлөсүнө жолуктурбай жатканы туурабы?

- Карантинди шылтоолоп Равшан Жээнбековду үй-бүлөсү менен жолуктурбаганы да туура эмес. Андан кооптонгудай ал өтө оор кылмышкер эмес. Укук коргоо органдарынын жана соттордун мындай аракети Кыргызстандын эл аралык уюмдардын алдындагы кадыр-баркын кетирип, элдин нааразычылыгын гана күчөтүп берет.

- Баса, эмнеге Илим Карыпбековдун медиа-форумда алып баруучулук кылганын сындап,  “ордуң Форумда эмес, түрмөдө” дедиңиз?

-Интерньюс” уюштурган “Медиа топтоо 2020 форуму аты коомчулукта терс жагы менен белгилүү, сый-урматы жок, күн тийген жердин күкүгүнө окшогон адамды алып баруучу катары чакырганы туура көргөн жокмун. Ошон үчүн сындадым. Анткени, аталган уюм бул аракети менен журналистиканын негизги принциптерине каршы чыгышты. Демек, алар оозеки түрдө  чынчылдыкты, калыстыкты туу тутуп сүйлөшкөнү менен иш жүзүндө таптакыр башка иш кылышты деп эсептейм.

- Мүмкүн алар Карыпбековдун артыкчылыгын билгени үчүн чакыргандыр...

- Илим акча үчүн барса керек. Акча табылат, бирок абийир табылбайт да. Иши кылып, мунун баары бөлүнүп берилген акчаны жакшы санаалаштар тең бөлүшүп алуу үчүн эле  чакырышса керек. Ошон үчүн Илимди алып баруучу кылышты да. Мына ушул кадамы менен аталган уюмдун баштапкы жана Кыргызстандагы жетекчилиги толугу менен ишенимден кетишти.  Алардын ордуна таза иштей тургандар келбесе болбойт.

Арина Рысбаева