Депутат насыяны, үстөк пайыздарды төлөө боюнча Улуттук банктын жана башка коммерциялык банктардын жетекчилери келип, толук маалымат берүүсүн талап кылды.

Улуттук банк өзгөчө кырдаал шартында насыяны жана үстөк пайыздарын төлөө мөөнөтүн узартып берүү сунушун коммерциялык банктарга берген. Айрым коммерциялык банктар насыяны мөөнөтүнөн кечиктирбей төлөөнү талап кылып жатканына даттангандар болууда.

Коронавирустун жайылуусунун алдын алуу максатында Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып, оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. 15-апрелден тартып өзгөчө абал Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да киргизилген.

Президенттин 28-апрелдеги жарлыгына ылайык, өзгөчө абал Нарын шаарынан, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунан алынган.

Булак: Азаттык