Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүнкү онлайн маалымат жыйында билдирди.

Муну менен Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын  жалпы саны 746 адамга жетти. Ал эми, акыркы сутка ичинде 25 бейтап айыкты.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 3;

- Чүй облусунда 9;

- Нарын облусунда 1;

- Ош облусунда 2;

- Ош шаарында 1;

- Жалал-Абад облусунда 1.