Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жарыяланды.
Президент Сооронбай Жээнбеков 28-апрелде Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтүн 10-майга чейин узартуу боюнча жарлыкка кол койгон.
Калган аймактарда 30-апрелде өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.
Өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилип, кийин 30-апрелге чейин узартылган. Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 15-апрелден 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген болчу.
Булак: Азаттык