Эгерде узартылса, ал тууралуу качан жарыяланат?” деген суроого жооп берди.
“Бул жөнүндө азырынча айтуу кыйын. Анткени бул маселе мамлекеттик кызматкерлерден көз каранды эмес. Ал бардык жарандардан жана эпидемиялык кырдаалдан көз каранды болот. Учурда белгиленген чектөөлөрдү карманып, өтө зарыл учур болбосо шаар ичинде жүрбөшүбүз керек. Бул биздин жарандык парзыбыз”, – деди Боронов.
Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 729 кишиге жетти. 437 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган. 8 адам каза болду.
Коронавирус коркунучунан улам Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылса, калган аймактарда өзгөчө абал тартиби алынды.
Булак: Элгезит