28-апрелде Жээнбековдун “Фейсбуктагы” баракчасына “Оппозициялык мүнөздөгү, азыркы бийликти сындаган интервьюларыма тоскоолдук жаратуу үчүн Бишкектин №1 тергөө абагынын администрациясы менин укуктарымды чектеп жатат” деген билдирүү жарыяланган.
Анда “Жаза аткаруу кызматынын төрагасы өзүнүн буйругу менен бизге жактоочуларыбыз менен жолугушууга тыюу салып койду, ал эми коронавирус жуктуруп алуу коркунучу бар сотко алып барууга уруксат берип койду. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мындай көз көрүнө мыйзам бузууларга көңүл буруп, ЖАМКтын жана судьялардын кылганына юридикалык баа бериши керек” деп жазылган.
ЖАМКтын маалымат кызматы 29-апрелде тараткан билдирүүдө Жээнбеков өз колу менен түшүндүрмө жазып бергени, анда мекеменин жетекчилигине жана №1 тергөө абагынын администрациясына карата негативдүү кайрылуу жасабаганын, камерада отургандыктан андайга мүмкүнчүлүгү да жоктугун айтканын маалымдады:
“Жээнбековдун айтымында, 27-апрелдеги сот отуруму учурунда ал адвокатынан туугандары менен жазышып туруу мүмкүнчүлүгү боюнча гана пикирин Жалпыга маалымдоо каражаттарына жеткирүүнү өтүнгөн. Бирок адвокат импровизация кылып, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Жээнбековдун атынан ири мамлекеттик органды коомчулук алдында каралоого аракет кылды. ЖАМКта камалгандардын айланасында чуу жараткысы келгендер тууралуу маалымат бар. Социалдык түйүндөрдөгү бардык негативдүү жана чагымчыл мүнөздөгү кайрылуулар коомчулукту ЖАМКка каршы багыттоодо. Негизгиси, мындай аракетти Жээнбеков же камактагы башка адамдар өзүлөрү эмес, алардын атынан Кыргызстандын элин азыркыдай оор абал болуп турганда социалдык түйүндөр аркылуу адаштырууга аракет кылгандар жасап жатат”.
“Азаттык” радиосу 29-апрелде Жээнбековдун адвокаты Замир Жоошев менен байланышканда ал мамлекеттик органдын маалымат кызматынын адвокатты өзүнүн жактап жаткан адамы тууралуу айтканы үчүн айыптоого укугу жок экенин билдирди:
“Равшан Жээнбековдун жеке баракчасына жарыяланганды анын жактоочусуна байлаган болбойт. Жээнбековдун билдирүүсүнө толук кошулам. Анын билдирүүсүндө фактылар тууралуу айтылып жатат. Эгер ошол фактылар ЖАМКтын ишмердүүлүгүнүн күмөн жактарын ачыкка чыгарып жаткан болсо, демек, иштин багытын өзгөртүш керек”.
Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.
Булак: Азаттык