Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Президент Сооронбай Жээнбеков 28-апрелде Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында сүйлөп жатып айрым чектөөлөр өзгөрүүсүз каларын айтты:
«Мисалы, маданий-массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө салынган тыюу күчүндө калат. Жогорку окуу жайлары, мектептер аралыктан окутууну улантышат. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда кирүүдө жана чыгууда санитардык-карантиндик блокпосттор өз ишин улантат».
Коопсуздук кеңешинин жыйынында экономикалык ишмердүүлүккө кайрадан этап-этабы менен уруксат берүү зарыл экендиги айтылды. Буга байланыштуу блокпосттор азайтылары белгилүү болду.
Өлкө аймагына чет элдик жарандардын киришине да азырынча уруксат жок.
Коопсуздук кеңеши эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтүн 10-майга чейин узартмай болду.
Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.
Булак: Элгезит