Билдирүүгө караганда, бүгүн, 27-апрель күнү, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Казакстандын ТИМи менен кызматташтыкта Афганистандан (Кабул шаары) 10 кыргызстандык жаран алып келинген.

"Алар Афганистандын авиакомпаниясынын коммерциялык чартердик каттамы менен Казакстандын Алматы шаарына келишкен. Ал эми Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин коштоосунда атайын транспорт менен 10 жаран Бишкекке жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.

Алар учурда өлкөдөгү медициналык жайлардын бириндеги обсервацияга жайгаштырылды.

ТИМден кошумчалашкандай, чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын кайтарып алып келүү боюнча иштер улантылып жатат.

Булак: Кабар