Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
«Бүгүнкү күндү жакшы кабар менен баштагым келип турат. Дарыгерлердин айтымында, Кыргызстан боюнча ооругандарга караганда айыккандардын саны бир топ өсө баштады. Мындан улам баарыбыздын, дарыгерлердин, милиция жана социалдык кызматкерлердин бул илдетке каршы бекем туруп, жасаган иш-аракеттери текке кеткен жок. Биздин жеңишибизге аз калды. Бирок азыркы тапта утуш биздики деп кайдыгерлик кылганга болбойт», — деди комендант.
Ошол эле учурда, ал себепсиз сыртка чыкпай, санитардык эрежелерди аткарууга чакырды.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.
Булак: Элгезит