Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Анын билдирүүсүнө караганда, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал. Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 44 адам жатат.

Белгилей кетсек, 27-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 13 учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 695 учуру катталды. Анын ичинен 183ү медицина кызматкери. Стационарда 292 адам жатат, алардын ичинен реанимацияда – 7. Ал эми 395 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Сегиз адам каза болду.

Булак: Кабар