Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү онлайн маалымат жыйында билдирди.
Анын маалыматы боюнча Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 695 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 25 бейтап айыгып, ооруканадан чыкты.
Жаңы катталган 13 учурдун ичинен :
- Бишкек шаарында 6;
- Ош шаарында 1;
- Ош облусунда 1;
- Чүй облусунда 2;
- Нарын облусунда 1;
- Ысык-Көл облусунда 2.