30-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондорунда өзгөчө абал режими жарыяланган. Саат 21.00 – 06.00 аралыгы коменданттык саат.

Бүгүн түнү кармалгандар:

- Бишкек шаары– боюнча 66 адам;

- Ош шаарында 1;

- Жалал-Абад шаарында 5;

- Сузак районунда 2;

- Нарын шаарында 4;

- Ат-Башы районунда 2 адам кармалган.

Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин эч ким бузган эмес.

Жалпысынан коменданттык саат башталган 25-марттан бери эреже бузган 3582 адам кармалган.

Булак: Баракелде