Бул тууралуу бүгүнкү онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын маалыматы боюнча Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын жалпы саны 682 адамга жетти.
Ал эми, сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус илдетинен 25 адам айыгып чыгарылды. COVID-19 инфекциясынан айыккандардын жалпы саны 370 бейтап.
Жаңы катталган учурлар:
Бишкек шаары – 7;
Ош шаары – 1;
Чуй облусу – 1;
Нарын облусу – 2;
Баткен облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 2;
Ош облусу - 2.