Бүгүн түндөн тартып алгачкы ооз ачуу болуп, күн чыкканда ооз бекиди. Орозо тутуу – мусулмандардын беш парзынын бири.

Анын алкагында 30 күн бою таң аткандан күн батканга чейин оозго наар албай, ыйман бекемдеп, ыплас иштерден жана сөздөрдөн алыс болууга аракет көрүлөт. Орозо туткандардын баарынын ниети кабыл болсун демекчибиз.

Депутат Дастан Бекешев орозо туткандарды орозонун башталышы менен куттуктоону Фейсбуктагы баракчасына жазган.

«Аллах силерге ден соолук берсин, духуңар бекем болуп, жакшылык жасоонун миллиард мүмкүнчүлүгү болсун!

Мен 2014-жылдан бери орозо кармайм. Ачка болууга 3 күндө көнүп кетсе болот, ал түгүл спорт менен да машыгуу мүмкүн. Бирок баарынан кыйыны- духту бекемдеп, сабырдуу, кечиримдүү болуу. Орозо кармоонун мааниси жөн гана ачка болуу эмес, каалоонун баарын басаңдатуу болуп саналат.

Кудай силерге кубат берсин! » — деп жазган эл өкүлү.

Булак: Элгезит