Ал 30 жылдан ашык мамлекеттик кызматта иштеп, эмгек жолунун көп бөлүгүн Ош облусунда өткөргөн.
Стамакун Асаналиев Ош облусундагы жол курулушун өнүктүрүүгө кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн 1988-жылы «Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген куруучусу» наамын алган.
Ал 1991-1993-жылдары Ош облусунун губернаторунун орун басары болуп иштеген. 1993-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын сырткы соода жана өнөр жай министринин орун басары болуп эмгектенген. Ал эми 1986-жылы «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган.
Булак: Баракелде