Бул тууралуу Бонецкий лабораториялар тармагынын директору Артем Лыжин билдирди.

Маалыматка ылайык, жеке менчик Бонецкий лабораториясы демөөрчүлөр, Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге COVID-19 илдетин аныктоочу анализдерди жүргүзүүнү баштаган. Алгач 10 миң ПЧР тест алуу пландалып, анын үчтөн бир бөлүгү акысыз жүргүзүлөт.

“Азыр биз 3055 акысыз ПЧР тест алууга даярбыз. Биринчи орунда социалдык аз камсыз болгондор, балким дарыгерлер же укук коргоо органдарынын кызматкерлери болушу мүмкүн. Биз Саламаттык сактоо министлигинин чечими менен гана лаборатория тест алабыз”, — деп айтылат лаборатория тараткан маалыматта.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун алдындагы «Вирустук изилдөөлөр жана сейрек инфекциялар лабораториясынын» өндүрүштүк базасына тийиштүү имарат берген.

Бул долбоор ишкерлердин жана меценаттардын каржылоосу менен ишке ашырылып жатат. Демилгеге алгачкылардан болуп «Мөл Булак» микрокредиттик компаниясы кол сунду. Компания 100 миң АКШ долларына реагенттерди, ошондой эле жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жана зарыл технологиялык жабдуулар үчүн 61 миң АКШ долларын бөлүп берди.

Булак: Элгезит