Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтуусуна караганда, учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал толук көзөмөлдө.
"Жаңы катталган учурлардын ичинен Бишкек шаарында - 8, Чүй облусунда - 4, Ош шаарында - 4 жана Ош облусунда - 3 учур бар. Республика боюнча жалпы коронавирус жуккандардын саны учурда 631ге жетти", - дейт ал.
Белгилей кетсек, 23-апрелге карата оорудан айыккан 302 адам ооруканадан чыгарылды, сегиз адам каза тапты.
Булак: Кабар