Бул тууралуу АКИpress агенттигине аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, бейтап ооруканага 5-апрелде жаткырылган.

«Ал 1-апрелден баштап 5-апрелге чейин Кемин аймактык ооруканасында дарыланган. Коронавирустан тышкары кант диабети, жүрөк жана башка оорулардан жабыркап жүргөн», - деди дарыгер.

22-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус аныкталган 8 адам каза болду.

Булак: Баракелде