Ал белгилегендей, өкмөттүн март айындагы токтому менен социалдык жактан маанилүү товарларга мамлекеттик жөнгө салуу тартиби киргизилген.
"Анын негизинде социалдык жактан маанилүү азык-түлүктөргө чекене сатуудагы баалардын жогорку чеги белгиленген. Алардын ичинде ундун 1 жана 2-сортуна баалар коюлган. Буга жогорку сорттогу ун кирбейт. Ошондой эле баалар өсүмдүк майы, бөлкө нан, макарон азыктарына, кумшекер, сүт, жумуртка, май, эттин түрлөрү – уй, кой чочко эти, картошкага баалар белгиленген. Белгиленген баалардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча Монополияга каршы агенттиктин аймактык бөлүмдөрү Салык кызматынын, Каржы полициясынын кызматкерлери менен биргеликте иштерди жүргүзүп жатат", - деди ал.
Булак: Кабар