Кыргыз Республикасынын Индиядагы элчилигинин өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасындагы медицина студенттеринин консультанттарынын Ассоциациясы коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү үчүн каржылык жардам көрсөттү.

Көпчүлүгү Кыргызстанда окууусун аяктаган жана анын жакшылыктарын унутпаган индиялык консультанттар өлкө үчүн кыйын мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жардам берүү чакырыгына жооп катары 2 миллион сом ѳлчѳмүндѳгү ыктыярдуу каржылык жардам көрсөтүштү.

Кыргыз Республикасындагы медицина студенттеринин консультанттарынын Ассоциациясынын курамына Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, Кыргыз-Россия Славян университетинин, Кыргызстан эл аралык университетинин (Эл аралык жогорку медицина мектеби), Ош мамлекеттик университетинин (Эл аралык медицина факультети), Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жана Кант шаарындагы Азия медициналык институтунун индиялык консультанттары кирет.