- Мукар мырза, дүйнөдө ойго келбеген жагдайлар орун ала баштады. Коронавирустан элдер кырылып, жабыркап жатса, аны “Кытайлар чыгарды” деп сотко бергенге шымалангандар чыкты. Бул дартты атайын таратышкан, жашырып жатышат деген маалыматтар тарай баштады. Ишенсек болобу?

- Бул ооруу ойлоп табылган,. Бирок кимиси ойлоп тапканын билүүгө мүмкүн эмес. Бири-бирин алсыратыш үчүн Кытай же АКШ тапкан. Анткени, булар дүйнөлүк бийликке умтулуп жатышат. Эртерээк чара көрүп, дартты токтотушубуз керек. Антпесек , арты оор болуп калышы мүмкүн.

- “Карантиндин чаралары жумшарышы керек, антпесек, экономикабыз туруштук бере албай калат”- дегендер да бар...

- Туура. Бул жумача катуу туруп, кийинки жумадан баштап экономиканы көтөрүп башташыбыз керек. Бирок, эпидемияны жеңүү үчүн тартипти дагы эле катуу кармаган жакшы.

- Элден чогулуп, атайын эсепке түшкөн каражатты өкмөт комиссия менен чечебиз дегенине каршы чыккандар көп болууда. Ал каражатты кимдер көзөмөлдөсө дейсиз?

- Элден түшкөн акчаны бөлүштүрүүгө өкмөттөн эле эмес, коомчулуктун өкүлдөрүн да көбүрөөк киргизишсе туура болмок. Ачыктык орун алмак. Болбосо, канчасын кайда жумшады деген шек саноолор айтыла берет.

- Мукар мырза, эмнегедир премьерди кызматтан кетирүү тууралуу сөздөр арбын айтыла баштады. Эки жылдан бери жарытылуу деле иш кыла алган жок деп. Азыр кадр алмаштырсак, чекилик болуп калбайбы?

- Чындыгында, азыркы апааттан чыкканча бул маселени көтөрбөй турсак жакшы болмок. Аны отставкага кетирип жиберсек, бул шартта ким келет деген да маесле бар да.

- Негизи эле премьер-министрди кандай критерийдин негизинде ташндашыбыз керек?

- Азыркы учурда эч кандай критерийдин кереги деле жок. Анткени, премьер-министр эч нерсе чече албайт. Эмки өкмөт техникалык гана өкмөт боло алат.

Чынайым Кутманалиева