Акындын өлүмү анын жакындары жана күйөрмандары үчүн күтүүсүз сокку болду. Жамы журт сыздап, сөз баккан адамдардын ичи ачышып турган кез.

Камчыбек Ташиев, экс-депутат:

“Кыргызымдын түркүгү....”

- Кыргызды бул жалган дүнүйөдө көтөрүп турган бир түркүк сынды..
Аттиң дүнүйө....Элмирбекти көргөндө, укканда Кыргызды көрөт элек...
Бүт кыргыз элиме көңүл айтамын...
Жаткан жериң жайлуу болсун, 
Жаратканым бейишин берсин!

Ахматбек Келдибеков, коомдук ишмер:

“Төкмөлөрдүн көмөкөйүнөн ыры куюлуп турганда, комуздун үнү жаңырып турганда Элмирбек өлбөйт”

- Бүгүн, элибиз улуттук маданиятты ийнине көтөрүп турган залкарлардын биринен ажырады. Бүгүн, атпай кыргыз айтылуу төкмөсүнөн айрылды. Тирүүлүктүн жаркырап күйгѳн бир шамы өчтү. Кыргыз улуттук маданияты орду толгус оор жоготууга учурады...

Бирок, Элмирбек өлгөн жок!.. Элмирбек өлбөстүккө кетти! Кайран жигит калың элдин кабыргасын кайыштырып акыретке аттанды. Жаркылдап келип далай ирет төрүмдүн көркү болуп, канча жылдан бери ага-инидей катташып жүрдүк эле. Өзүм да сени өзгөчө жакшы көрөр элем. Аттиң дүйнө... Жигит өлбөс болсочу...

Элмирбек кандай инсан эле дейм.. Коомдогу нарк-насилди, улутту улут кылган асыл дөөлөттөрдү калыптандырган, муундан муунга өткөргөн, биздин аӊ-сезимибизде ал баалуулуктарды бекемдеген инсандар сейрек кездешет. Элмирбек мына ушундай сейрек кездешкен улуу талант эле. Ал Кудай берген кичи пейил мүнөзүнөн танбаган, атуулдугуна чаң жуктурбаган, ийгиликтерине эч качан төш какпаган, ички маданияты терең инсан болчу дейм.

Ажалга айла жок тура… Булбулдун тили катып, комуздун кылы үзүлдү. Төкмө акындыктын тоосу кулады. Эмне дээримди, эмне айтарымды да билбейм...

Бар билгеним комуз, төкмөлүк - булар түбөлүктүү. Төкмөлөрдүн көмөкөйүнөн ыры куюлуп турганда Элмирбекти өлдү дегендер жаңылышат. Комуздун үнү жаңырып турганда Элмирбек өлбөйт. Анын жараткан чыгармалары нечен жылдар муундан-муунга өтүп жашай берет. Мен ушуга ишенем..

Элмирбектин үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөм.

Рыспай Исаков, манасчы:

“Кир чалбаган дүйнө элең Элмирбек, ким ишенет айты десе өлдү деп”

- Экөөбүз атайылап сүрөткө деле түшпөптүрбүз. Жок экен...

Өнөр жолундагы сапарлаштарың үнсүз кучакташып, жакаларга жаш төгүшүп турдук. Ар ким ичинен буркурап атты. Чычаладай кызарган көздөр аргасыздыкты билдирди. Көбү карантинден улам чыга албай, каңырыгы түтөп үйдө. Азамат Болгонбаев менен Мирлан Самыйкожо келди кайрат айтмакка. Өздөрүнө көңүл айтаар киши жок. Үнсүз өксөйт. Жеңишбек Жумакадыр ээ дегенге дарманы жок. Токтобек Асаналиев болкулдап болбой калган. Зайырбек Ажыматов зээнди кейиткен абалда. Сыймык Бейшекеев “алдырып ийдик” дегенге араң жарады. Ажалга арачы боло албай калган аргасыздыгына түтөп турду. Жамалбек Ырсалиев уктаган эмес окшойт. Шайырбек Абдырахман шалдайып калган. Анысын билдиргиси келбейт. Талант Сарыбаев тунжурайт. Кубат Болотканов “Өзүңдү карма!” деп мага кайрат айткан болот. Өзүн жооткоткон киши жок, бул дүйнөнү ашата сөккүсү келип ызырынып турганы байкалат. Олжобай Шакир озондойт. Аалы үнсүз. Өмүрзак Кайыпов аалам калчаган акылыңды айтып, көзүндөгү жашын аарчыйт. Садык Шер-Нияз уктабай чыккан экен. Көзүнө тегеренген жашты кайра артка кубалап кайраттанат. Тааныгандар ар тараптан телефон чалып, дале кеткениңе ишене албай, менден башка жооп уккусу келишет...

Кубат Болотканов:

“Элмирим,  жүрөктү оорутуп, жүлүндү муздатып кеттиң...”

- Сен кудай берген адам элең... Сөзүң да сонун эле, өзүң да сонун элең! Ырың да, сырың да укмуш болчу. Сен түгөнгүс болчусун! Кенч элең...

Турмуштун ташпиши басканда кезигип, эзилип сырдашып, ырдашып, тазаланып алчы элек. Куудулдугуң сандыгында кете берди, саналуу гана жандар билип... Сенин юморун да өзүңдөй акылдуу болчу.

Мага сен сахнада ачыла албагандай сезилчүсүң. Сенин дараметиң чексиз эле да. 

Манас айтканыңчы... Сендей болчу байыркы манасчылар. Манастагы обондордун кереметин сездирдиң эле го. Алп дүйнөгө аралашып, алышып кетээр элең. 

Комузду кооз черттиң. Үн жеткире албаган жерди комуз менен, комуздагы добуш менен жеткирчисиң. Үнүңдө муң бар болчу. Муңканып турчу. 

Терең элең, кайраным... Кенен элең. Эч нерсени кенебеген айкөл болчусуң. Даана элең. Кыргыз деген ким десе, сени көрсөткүм келчи.

Кыргыз-казактын ырын бирдей аткарчусуң. Комузду да, домбраны да кадырын билип чертээр элең. Кулактын моокуму канбай калды сага...

Тоодо, талаада, калаада, үйдө сага тоюп калуу мүмкүн эмес эле. 

Махабатыңдан буралып абандар чыкты. Булбулуң бүгүн буркурап аткандыр... Кургурум деп, бул эмине кылганың деп.

Сени мен сексенге чейин чыкканынды элестете алчымын. Элүү, алтымыш, жетимиш...  Аттиң... Ушинтет белең. 

Досум, тууганым, сырдашым, муңдашым, эми мен ким менен сүйлөшөм, сени менен гана сүйлөшчү сөздөрдү. Сойдуң...

Мерез болуп калыптырмын. Каректен жаш чыкпай эле ичегим үзүлүп бараткансыйт. 

Бүгүн ырыңды уга албай койдум. Үнүңдү  угууга кудурет жетпейт.

Кош досум, тынч жат. Сенин элесиң өмүрдөн өткүчө көз алдымда жүрөр. 

Илгери комузчу Атай өлгөндө, кол барбай турду көмгөнгө деген экен, сага кантип кол барар экен, Элмир...

Жаткан жерин жайлуу болсун, досум!

Канышай Бешбаева, журналист:

“Тагдыр, мени каалагандай калчадың,
Акың калса, алып бүтчү, чарчадым…”

- Чарчаганың басылып, жаның жай алып калгандыр, ээ, Элмике?.. Эңшерип кетпедиңби. “Буулуккан булут болдум мен, буркурайт жамгыр ичимде” деп айткан экенсиң. “Сыртым жай, ичимде бурганак” дептирсиң. Бугуң да, бурганагың да сезилчү, ырларыңан. Жүрөгүм “тыз” деп кетээр эле. Сендей элдик кишилердин телегейи тегиз болсо экен деп тымызын тилечүмүн. Ошол бугуң, ошол бурганагың менен күрөшө берип чарчадың окшойт, турмуштун көйү менен эптеше албай чарчадың окшойт...

Бирок сыртыңдан билгизчү эмессиң. Жадырап-жайнап, жылдызың төгүлүп жүрчүсүң. Өзгөчө айтыштардачы, элирип, төгүлүп-чачылып, сабалап төгүп сен балкып, угуп отурган биз балкып, ырахат, эргүү алып калчу элек.

Акыры башта бир өлүм эмеспи. Сенин айырмаң - элиңдин жан дүйнөсүнө сиңип, азганактай өмүрүңдө жамы кыргыздын уулуна айланып кеткениңде. Эмне айтаар экен деп оозуңду карап отурчубуз, тааныганыбыз деле, тааныбаганыбыз деле сыймыктанып, атыңа чаң жугузбай, астейдил менчиктеп алганбыз сени. Ошон үчүн баарыбыздын сай-сөөгүбүз сыздап турат. Көрсө Жеңижок өлгөндө ушинтип жоктоп, Эшмамбет кеткенде ушинтип эңшерилип, Токтогул көчкөндө ушинтип томсоргон турбайбы калк. Тирүүсүндө өзүнө эстелик тургузуп кеткен залкардын жолу ушундай экен го. Эми сен ушулардын, Барпы, Калык, Осмонкул, Алымкул, Эстебес, Ашыралы, Тууганбай акындардын катарындасың, ушул улуу адамдардай айтып бүткүс жомок болосуң.

Мен сени менен замандаш, тааныш, аздыр-көптүр баарлашып, тилектеш болгонума сыймыктанам, мактанам...Ушинтип кетип каларыңды ким билиптир да, ким туюптур...

Эмне дейин эми, экинчи өмүрүң башталды, Элмике. Жаткан жериң жайлуу болсун. Биз сага ыраазыбыз, сен да бизге ыраазы бол...

Топтогон

Чынайым Кутманалиева