Бул тууралуу 22-апрелде Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, мындай сунуш студенттер коронавируска байланыштуу аралыктан окуу ыкмасына өткөндүктөн кайрылуулар түшүп жатканынан улам берилди.

Билим берүү жана илим министрлигине жолдонгон жазуу түрүндөгү сунушта акы төлөнүүчү окутуу кызматтарынын түзүмүнө көңүл буруп, зарыл болсо чыныгы чыгымдарга жараша кайра эсептөө керектиги айтылды.

22-апрелге карата илдет жуккандардын жалпы саны Кыргызстанда 612 кишиге жетти. Алардын жетөө каза тапты, 254 бейтап айыгып чыкты.

Илдеттин жайылуусун алдын алуу максатында 30-апрелге чейин көпчүлүк аймактарда өзгөчө абал жарыяланып, мекеме-ишканалар сыяктуу бардык окуу жайлары да убактылуу жабылган. Окуучулар жана студенттер 8-апрелден бери дистанттык негизде окуп жатышат.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 3-апрелде ата-энеси ушул күндөрү акча жагынан кыйналып жаткан же ден соолугунан кыйынчылык жаралып, төлөй албаган студенттердин маселесин караш үчүн ар бир окуу жайында комиссия түзүлгөнүн айткан. Ал «Мүмкүн болушунча ар бир окуу жайы социалдык пакет жасап, пайыздык өлчөмдө жеңилдик берсин же төлөм мөөнөтүн узартып берсин деп тапшырма бердик» деп билдирген.

Кыргызстанда мамлекеттик 32, мамлекеттик эмес 33 жогорку окуу жайы бар.

Булак: Азаттык