Бул тууралуу бүгүнкү онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымы боюнча, жаңы учурлар Бишкекте, Ош шаарында, Нарын облусунда, Ош облусунда, Чүй жана Жалал-Абал облустарында катталды. Ошону менен Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктургандардын жалпы саны 612 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 38 бейтап айыгып ооруканадан чыкты. Эскерте кетсек бул илдеттен 7 адам каза тапкан.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 10;

- Ош шаарында 4;

- Ош облусунда 1;

- Нарын облусунда 1;

- Чүй облусунда 2;

- Жалал-Абад облусунда 4.