Ал Калинин массивиндеги маалелердин биринде Орусиядан келген жаран үй-бүлөсүнө коронавирус жугузуп алганын мисал кылды.
“Орусиядан келгенден кийин текшерүүдөн, медициналык кароодон өткөн эмес. Үйүндө бала-бакырасы менен карым-катнаш кылып жүрө берген. Жаап-жашыргандыгы, өзүнүн үй-бүлө мүчөсүнө жугузганы тууралуу маалымат толук аныкталып чыкты. Андан сырткары 10 жакын туугандары бүгүнкү күндө обсервацияга алынды”, – деди Нурдинов.
Учурда бул жаранга карага Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 280-бересинин («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу») негизинде иш козголуп, териштирилүүдө.
21-апрелге карата өлкө аймагында СOVID-19га чалдыккандардын саны 590 кишиге жетти. Алардын 150сү Ош облусунда болсо, 93ү Ош шаарында.
Булак: govori.tv