Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде республикалык штабдан билдирди.
«№17 Үй-бүлөлүк медициналык борборунан башка ҮМБлар штаттык режимде иштеп жатышат», - деп штабдан маалымдашты.
Буга чейин Бишкек шаарындагы №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору дезинфекциялоо үчүн жабылганы маалымдалган. Аталган бейтапкананын 4 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталган. Алар менен байланышта болгондордун баары обсервацияга жаткырылды.
Бейтапкана мамлекеттик резиденцияга жакын аймакта, тактап айтканда Ленин районундагы Семетей көчөсүндө жайгашкан.
Булак: Баракелде