Кыргызстанда музыкант Данияр Жуманазаров ак халатчан дарыгерлерге арналган обон чыгарды. Бул тууралуу социалдык тармакта саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси Елена Баялинова жазды.

«Бул музыка менин уулум Данияр Жуманазаров тарабынан коронавируска каршы күрөшкө түшүшкөн ак халатчан кызматкерлердин урматына жазылды», -деп белгилеген ал.

Композиция «Молчаливый герой» (Үнсүз баатыр) деп аталат.

Булак: vesti.kg