Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Алты дарыгер айыгып, өзүнүн кызмат ордуна кайтып келди. Ошондой эле айыккандардын ичинен бешөөсү орто медициналык персонал жана экөөсү башка кызматтагылар", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 21-апрелге карата коронавирус жуктурган 22 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 590го жетет. Алардын ичинен 216 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 7 адам каза болду.

Булак: Кабар