Бул тууралуу бүгүнкү онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын маалыматы боюнча жаңы учурлар Бишкекте, Ош шаарында, Ош облусунда жана Нарын облусунда катталды. Ошону менен Кыргызстанда коронавирус илдетине кабылгандардын жалпы саны 590 адамга жетти. Ал эми, акыркы сутка ичинде 15 бейтап айыгап, 7 адам каза тапкан.
Жаңы катталгандар:
- Бишкек шаарында 8;
- Ош шаарында 6;
- Ош облусунда 3;
- Нарын облусунда 5.