Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Фармацевтикалык кеӊештин төрагасы Эрнис Асанов билдирди.
Анын айтымында, көптөгөн дары-дармектер Индиядан алынып келинет.
«Азыр Индия менен болгон аба каттамдар жабык. Ошондой эле доллардын баасынын жогорулады жана дарыларды алып келүүсү да эки эсеге кымбаттады. Буларга карабай керектүү дары-дармектерди алып келип жатабыз. Учурда дарыларга дефицит жок», — дейт ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 568гө жетти. Алардын ичинен 140ы медицина кызматкери. Коронавирустан 201 жаран айыкса, каза болгондордун саны 7 адамга жетти.
Булак: Элгезит