Республикалык штабдын маалыматы боюнча, кытайлык даыгерлер атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт. Мындан тышкары алар дарыгерлерге оорулууларды дарылоодогу мыкты ыкмаларын үйрөтүшөт.

Буга чейин кечээ өлкөгө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун линиясы боюнча Польша Республикасынан 8 медицина кызматкерден турган топ келген болчу.

Кытайдан медициналык эксперттерди жөнөтүү тууралуу макулдашууга 2020-жылдын 14-апрелинде президент Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинь менен телефондук сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө жетишилген.

Булак: Баракелде