Алар коронавирус оорусун дарылоо процессине жардам беришет, деп билдирди бүгүн, 20-апрелде эртең мененки онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Анын айтымында, Польшанын медициналык адистери 27-апрелге чейин Бишкекте, андан кийин Ош жана Жалал-Абад облустарындагы дарыгерлерге жардам көрсөтүшөт.

Буга чейин Кыргызстанга Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун линиясы боюнча Польша Республикасынан 8 медицина кызматкеринен турган топ келгени маалымдалган.

Булак: Баракелде