17-апрель күнү бир катар социалдык тармактарда Москвада кыргыз жараны батиринде өзүнүн жашы жете элек баласына зомбулук көрсөткөн видео тарап, ал коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды. Бул окуя туурасында биз “Ата-Журт” мекенчил партиясынын лидери, генерал Камчыбек Ташиевдин көз карашына кызыктык...

- Камчыбек Кыдыршаевич, акыркы кезде жашы жете элек балдарга карата зомбулук фактылар өтө көбөйүп кеткенден улам, сөз болуп жаткан видеодогу кыргыз мигрантынын аракеттери кескин түрдө терс кабыл алынды. Сиз кандай кабыл алдыңыз?

- Бул коомдун өзгөрүүгө учурагандыгынын таасири... Биздин кезде атабыз сөзүн укпай койсок же сабактан начар баа алып келген маалда баштан-көздөн башка жерге чаап, тарбия бергени өөн учурачу эмес. Кээде ошончолук жеткизген кездерде жакшылап  “окутуп” койчу. Эмнени айткым келет? Атанын тарбиясын бардыгыбыз көргөнбүз. Андан бир жерибиз сынып, кемип калбадык. Ошондуктан, атанын тарбиясын көргөн адам жаман болбойт...

- Дагы эмнелерди байкадыңыз?

- Мени баарынан да баланын өжөрлүгү таң калтырды. Чаап-уруп, ары-бери тоголонтуп, муунтуп жатса да өзүнүкүн бербей койду. Качан гана жай суранганда аткарды. Өжөр, айтканынан кайтпаган, чечкиндүү балдардан экенин бааладым, Кудай кең келечек берсин! Азыр байкасаңыздар, ал ушул өжөрлүк касиет көп турмуштук сыноолордо жетишпей турат. Айрыкча, тагдыр чечерлик кызматта турган адамдар ушул баладан сабак алса жакшы болот эле, эл-жер үчүн керек кезде өжөрлөнүп, аягына чейин туруп беришсе – турмуш оңолуп кетээр беле...