“Кыргызстанда медицина кызматкерлери жетиштүү, зарыл учурда эмгек өргүүдө жүргөндөрдү тартабыз. Медицина кызматкерлеринин арасында өз ыктыяры менен COVID-19 жуктурган очокторго баргандар бар”,- деп билдирди КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Н.Үсөнбаев.   

Анын айтымында, COVID-19 вирусу айрым учурда симптомдору билинбей, өтүп кетиши мүмкүн: “Эпидемиолгиялык жактан алганда, бул кооптуу болуп эсептелет. Себеби, ооруган адамга билинбегени менен, айланасындагы жакын адамдар вируска чалдыгып, ооруп калышы ыктымал”.

Бүгүнкү күнгө Кыргызстанда 506 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алган учурлар катталды. Республика боюнча жалпы 130 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.