Өткөн сутканын ичинде республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталды.  

Жалпы-жонунан бүгүнкү күнгө Кыргызстанда тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жалпы 506 учуру катталды. Анын ичинде:

Жалал-Абад облусу – 93

Ош облусу – 140

Ош ш. – 74

Чүй облусунда – 28

Бишкек ш. – 102

Баткен облусунда – 5

Нарын облусу – 56

Ысык-Көл облусунда – 8

Бүгүнкү күнгө 16 бейтап (Бишкектен – 4, Жалал-Абаддан – 12) ооруканадан айыгып чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 130 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.