Бул тууралуу бүгүнкү онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Ошону менен Кыргызстанда коронавирус илдетине кабылгандардын жалпы саны 489 адамга жетти. Ошондой эле акыркы сутка ичинде 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Жаңы катталгандар:
- Бишкек шаарында 14;
- Чүй облусунда 1;
- Ош облусунда 4;
- Ысык-Көл облусунда 2;
- Ош шаарында 2.
Ал эми, жаңы катталгандардын ичинен 15 аял киши, 8 эркек киши.