КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы өкүлү Н.Мирзахмедов түз эфирде сүйлөп жатып: “Гуманитардык жардам алып жаткан областтын жашоочулары шариат мыйзамдарына ылайык тилемчилер”- деп айткан. Ушундан улам губернаторго нааразычылык күч. Бул маселе боюнча биз диний аалым Чубак ажы Жалиловдун пикирин уктук:
- Ал киши муктаж эмес болуп туруп, колунда бар болуп туруп, чыныгы муктаждарга жардамдарды жеткирбей, жолдон мойсоп коюп жаткан байларды айтып жатса керек.
Аларды ошол катуу сөз менен сестентип, токтотуп коелу десе керек. Чындыгында муктаж эмес болуп туруп эле, кайрымдуулук жардамдарды сураса, “ал пендеге Кудай Таалам жакырчылыктын эшигин ачып коет”- деген Пайгамбарыбыздын осуяты бар...
Жардамга муктаж адамдар жардам алганы туура, аларды жектөө туура эмес болуп саналат.
Жардам алуучулар керектүүсүн алып, ашыкчасын башкаларга калтыруусу кажет.
Мусулман жараны ар бир инсандын сөзүн туура түшүнүүгө аракет кылуусу абзел. Дароо жаман мааниге бура түшүнүүгө аракет кылбастан, жакшылыкка бурууга аракеттенүүсү зарыл.
Азирети имам Абу Ханийфа айтат: эгер бир мусулман пендеси кандайдыр бир сөз айтса, ошол кебинин 90% мааниси туура эмес, ыңгайсыз түшүнүккө далаалат кылып, 10% сөзү жакшылыкка жорууга мүмкүн болсо, жакшылыкка жооруп түшүнөөр элем деген...
Азыр кээ бир адамдар азирети Абу Ханийфанын сөзүн тескерисине амал кылып калгандыгы, диндин суздугунан кабар берет...