Мыйзам долбооруна ылайык, жашы 60тан өткөн эркектерге, 55тен өткөн аялдарга, 18 жашка чыга элек экиден аз эмес балдары бар жана 1-2-топтогу майып балдары бар адамдарга мунапыс берүү, ошондой эле алгачкы жолу кылмыш кылып отургандарды түрмөдөн бошотуу маселеси каралды.
Бул мыйзам долбоорунун автору Мирлан Бакиров Кыргызстанда 9500дөн ашуун адам эркиндикке чыгарын билдирди.
Абактагыларга мунапыс берүүчү мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
Булак: Маралфм