Бүгүн Бишкекте патрулдук унаа «Мерседес-Бенц Спринтер» кичи автобусу менен Көлбаев жана Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде сүзүшүп кетти.
Борбор калаанын коменданттыгы жол кырсыгы болжол менен эртең мененки 06:20да орун алганын Vesti.kg сайтына билдирди.
- Унаа каражаттарынын айдоочулары «Тез жардам» кызматы менен № 4-шаардык ооруканага жеткирилди, - деп маалымдашты алар. - Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатат.
Жарандык активист Болот Ибрагимов жол кырсыгы болгон жерден тартылган видеону Instagram социалдык тармагына жүктөгөн.
Булак: vesti.kg