Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Муну менен Кыргызстанда коронавирус илдетине кабылгандардын жалпы саны 466 адамга жетти. Ошондой эле 13 бейтап бул инфекциясынан айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Жаңы катталгандар:
- Бишкек шаарында 5;
- Нарын облусунда 11;
- Ош облусунда 1.
Булардын ичинен жетөө аял киши, оноо эркек киши.